Студенттер буга чейин окууларын тажик ЖОЖдорунда улантуу тууралуу өз өлкөсүнүн Билим берүү министрлигинин сунушуна макул болбой, Кыргызстанга киргизүү өтүнүчү менен кыргыз тарапка бир нече жолу кайрылышкан.
Алардын бири, Бишкектеги Кыргыз-орус славян университетинде окуп жаткан Мухаммадюсуф аттуу тажикстандык студент Бишкекке келе алган жок. Жаңы окуу жылы башталарда ал кыргыз-тажик чек арасына келип, бирок кыргыз чек арачылары өткөрүшкөн эмес.
Анын айтымында, окуусун Тажикстандагы университетте улантуу сунушу болгон, бирок ал буга макул болгон эмес.
“Мага жаңы ачылган атайын университетте окууну сунушташты. Мен Кыргызстанда стоматология факультетинде окучумун, а бул жерден мага таптакыр башка адистикке окууну сунушташты. Эгер мени Душанбедеги медициналык университетке кабыл алса макул болмокмун”, — деген Мухаммадюсуф.
Ал Кыргызстанда медицина тармагында билим алып жаткан 62 тажик студенти Абуали Сино атындагы медициналык университетке которула алышканын, бирок мындай мүмкүнчүлүк баарына эле берилбегенин кошумчалады.
Абубакр Кыргызстанга кире албай калган дагы бир студент. Ал Бишкек медициналык университетинен чакыруу алганына карабастан, чек арадан өтө алган эмес.
Ошол эле маалда өз коопсуздугун ойлоп, Кыргызстанга келүүнү каалабаган студенттер да жок эмес.
Тажик бийлиги чек ара бир тараптуу жабылганын, студенттерди өткөрүү өтүнүчү менен кыргыз бийлигине бир нече жолу кайрылганын билдирүүдө. Тажикстандын Билим берүү министрлигиндеги булактар алар Кыргызстандын бийлиги менен Тышкы иштер министрлиги аркылуу байланышканын, бирок жооп болбогонун айтышууда.
Булак: «Майдан.kg» гезити