Печать
Категория: Коом
Просмотров: 258

"Кумтөр" - авантюра эмес, улуттук кемсинтүү. Мындай пикирин экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров билдирди. 

Белгилей кетсек, соцтармактарда "Кумтөр" долбоорун авантюра катары белгилеген пикирлер көбөйө баштады. 

Акылбек Жапаровдун айтымында, отуз жылдан бери кыргыз кен байлыктары эл аралык шылуундардын колуна түшүп келди. 

"Алар миллиарддаган доллар табышты, а бизге тыйын калтырышты. Мунун баарын биздин башкаруучулардын коркоктугу жана саткындыгы жасады. Бирок азыр кырдаал өзгөрүлдү. Биздин бийликтин буга чекит коюуга эрки жетти. Алдыда жеңил эмес күрөш турат, санкция, инвесторлордун качышы ж.б. менен бизди коркутушууда. Активдүү катышуучулардын баары, президент баш болуп абройун, саясий келечегин тобокелге коюшту, мен иш кайсы жагына бурулбасан келечек муун бизди актап алаарына ишенем. Бирок ошол эле убакта бул согуштун жеңүүчү болоорубузга да ишенем", - деди Акылбек Жапаров.