Печать
Категория: Коом
Просмотров: 152

Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев таксисттер патенти жок иштей албай турганын билдирди. 

Депутат Акыл Кемелов "Яндекс" компаниясына карата чара көрүүнү сурангды. Айтымында, аталган компания Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөнү менен чет өлкөдө жайгашкандыктан салык төлөбөйт.

Догоев билдиргендей,  бул маселе компаниянын өкүлү менен талкууланган.

"Алар айдоочулар колдонгон тиркемеге катталуунун алдында айдоочулардан электрондук патентти талап кылган функцияны кошууга макул болушту. Эгер таксисттин патенти жок болсо, демек тиркеме менен колдоно албайт жана иштей албайт. "Яндекс" ушул шартты бардык такси кызматы үчүн киргизүүнү суранды", - деди министр.