Печать
Категория: Коом
Просмотров: 339

ФБнын Эрнис Нурдин аттуу колдонуучусу учурдагы коррупцияга каршы күрөш тууралуу пикирин жазды:

- Эмне десең да, ачуу чындыкты айталы. Кармалгандын баары миллиондорду төгүп жатат. 15-20 миң айлык-акы менен миллиондорду кайдан табышты? 30 жылдык тарыхта, коррупция менен күрөш бүгүнкүдөй болгон эмес. "Кусуп" жатат, төлөп жатат, ооруп жатат, качып жатат, камалып жатат...

Мамлекеттин менчиги, элдин ырыскысы эртедир-кечтир кайтышы керек. Кетмен чаап, адал соода жасап, бир дагы саясатчы-чиновник байыган эмес. Баары Кудай дейт. Булар үчүн Кудай "дежурный" сөзгө айланган.

УКМК башчысы Ташиевди байлардын үй -бүлөсү же олигархтын казанынан казы-карта жегендер жаман көрүшү мүмкүн, карапайым калкка жагып эле жатат.