Печать
Категория: Коом
Просмотров: 943

ФБнын Мурат Калмырза аттуу колдонуучусу орус тилине эмес, англис тилине басым жасоого убакыт келип жетти деп эсептейт. 

"Эмнеге биз балдарды бала бакчага жана мектепке берүүдө орус тилине басым жасайбыз? 19-20-кылымдын тили. Азыр англис тилине басым жасоо керек. Илимий билим, технологиянын баары англис тилинде. Орус тилинде мурдатан жарыялангандар, эч кандай жаңычылдык жок. Балдардын иштиктүү тилине кыргыз жана англис тилдерин айландыруунун ордуна, бардык мектептерде орус тилин жана адабиятын окушат. Эгер мигранттарды даярдап жатсаңар, анда англис тили керектелген өнүккөн өлкөлөр үчүн даярдагылачы. Жакшысы. дүйнөлүк ЖОЖдорго тапшырууга, окууга даярдайлы. Бул мамлекеттин деңгээлинде качан кабыл алынат болду экен?

Мектептеги жана мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги бардык программаларды кайра карап чыгуу керек!

Эң башкысы, эне тилибизди өнүктүрүү зарыл", - деп жазды.