КР УКМК тарабынан "Кыргызстан" саясий партиясынан КР ЖК мурдагы депутаты «Н.К.» тарабынан жасалган ири өлчөмдөгү алдамчылык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экендиги боюнча далилдер табылды.

2013-жылы "Н.К." Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору болуп турган учурда 500 миң АКШ долларынан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алып алган.

2021-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча алдамчылыкка шектелип "Н.К." кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.