Спортчу Айсулуу Тыныбекова жакында, Токиодо өткөн Олимпиададан күмүш медаль алып келгенден кийин президент Садыр Жапаров тартуулаган автоунаа менен тоо коюнуна чыгып, фотосессия жасады. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына койгон постунан жана сүрөттөрүнөн улам белгилүү болду. 

"Биз дайыма бийиктикке, ишибиздеги баалуулуктарды далилдөөгө умтулабыз. Мен өзүмө далилдеп жатам жана баарыңыздарга бул ар бир адамдын колунан келээрин билдиргим келет", - деп жазды Тыныбекова. 

Возможно, это изображение (1 человек и на открытом воздухе)Возможно, это изображение (1 человек, автомобиль и дорога)Возможно, это изображение (1 человек, автомобиль и дорога)