"Манас" абамайданынын акысын унаа токтотуучу жайында токтоп турган автоунаалардын бири жарылган. Бул тууралуу күбөлөрдүн айтканына таянып "Кактус" сайты жазып чыкты.
Анда айтылгандай, айдоочу автоунаасын от алдырып жатканда капоттун алды түтөп, өрт башталган. Жабыркагандар жок.