Назира Айтбекованын жөн эле ойлору: 

19 фактов про Назиру Айтбекову, которая 22 года спустя встретилась с отцом

- “Мен күчтүүмүн!” дедим далай жолу! “Эч кимиси жок деле оокат кыла алам. Керек болсо өмүр бою жалгыз өтөм!” деп өктөм кыйкырдым. Кылычымды кыныман сууруп алып ызгаарын салып, кычырап турган турмушка кылыч кезедим. Күрөшкүм келди. Чабышкым келди. Көңтөргүм келди дүйнөнү. Көрсө, турмуш катаал жол берүү менен бирге басканды, чуркаганды үйрөнсүн дейт турбайбы! Турмуш мага мээримин төгүп атса, каары менен алмаштырып алып, өзүм менен өзүм күрөшүп, өзүм тапкан бороондо жүрө бериптирмин.

Билесиңерби, жакында эле сонун сабак үйрөндүм. Эркеги жок аялдын ачуулуу болуп, азуусу чыгып, тиштери курчуп, жанындагыларына тиш сала баштаарын көрдүм. Мурун деле көрчүмүн, бирок маани бербептирмин. Көрсө, эркек - аял жуурулганда , махабатка балкыганда аял болуп көрбөгөндөй жумшарат тура! Аялдын ажары чыгып, мээрими төгүлүп, аял аял жыттанып, таштай катпай гүлдөй күлмүңдөйт экен.

Мен күчтүү болгондон, жүк ташыгандан чарчадым. Башымды бирөөнүн ийнине жөлөп, оордугумду салып, эркелеп, кылыктанып, сүйүү менен жуурулгум келди

Уулуңдун бакыты, эркегиңдин ийгилиги аялдын бөлүп чыгарган энергиясынан көз каранды экенин байкадым. Уулуу энергия өлтүрөт, сулуу энергия өстүрөт экен. Аял аялдыгын, оозуйпасын , сулуулугун, ажарын сезгенде , өзүн сүйүп, аздектегенде , тебеленбей, бийиктикке чыгарганда ал сөзсүз бактылуу болот жана жакындарын бакытка бөлөйт тура. Убакыт өткөн сайын акылга толуп, көп нерсени көрө баштагансыйм...