Президенттин администрациясындагылар Кактус медианын редакциясына Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев менен ААК "Электр станциялары" мурунку директору Салайдин Авазовго кылынган ырайым тууралуу айтып беришти.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы ЖК депутаттарынын тобунан Авазов менен Калиевге ырайым кылуу тууралуу өтүнүч келип түшкөндүгүн билдирди. Ошондой эле соттолгондор өздөрү да ырайым сурап кайрылышкан.
Ырайым кылуунун алдында бул экөөнө козголгон кылмыш иши тыкыр иликтенип, кылмыш ишинде экөөнүн негизги фигурант эмес экендиги аныкталган.
ЖК ырайым тууралуу ходатайствону карап көрүп, алардын жакшы мүнөздөмөсүн эске алуу менен конституциялык укугун колдонуп Садыр Жапаров Айбек Калиев менен Салайдин Авазовго ырайым берген.