Бүгүн, 16-сентябрда Биринчи май райондук соту парламенттин мурдагы депутаты Алмазбек Баатырбековго карата сот процессин кийинкиге жылдырды. Экс-депутаттын адвокатынын айтымында, ал 13-сентябрдан тартып оорукананын хирургия бөлүмүндө дарыланууда, коюлган диагноз - курч панкреатит, холецистит. 

Эске салсак, Алмазбек Батырбеков КР Кылмыш жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү боюнча айыпталууда. Ага карата ачылган иш "Кумтөр" боюнча териштирүүнүн алкагында. 

Экс-депутаттын ооруп калганына байланыштуу судья Махабат Бекишова процессти кийинкиге жылдырды. 

Алмазбек Батырбеков ушул жылдын 9-июнунда УКМКга суракка чакырылган жана аны камакка алуу чечими ошол күнү чыккан. Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралган. Соттун чечими менен 31-июлга чейин камакта калтырылган. Бирок кийинчерээк тергөө менен кызматташууга макул болгондон кийин үй камагына чыгарылган.