Нью-Йорктун соту "Центерра" компаниясынын Кыргыз Республикасына санкция жана айыппул салуу боюнча доо арызын четке какты. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" компаниясы билдирди.
Маалыматка караганда, 15-сентябрда "Центерранын" доо арызы боюнча угуу болуп өткөн, компания Кыргызстанга 1 миллион доллар өлчөмүндө санкция салууну суранган.
Бирок сот компаниянын доо арызын соттун юридикциясы аппелляцияны кароо алкагында кыргыз тарапка басым жасап жатканына байланыштуу канааттандыруудан баш тартты.