Россиянын экономикасы, тиричиликтин башка тармактарындагы жашоосу сырттан барган мигранттардын эсебинен болуп жаткандыгын буга чейин жазып эле келатабыз. Мигранттар болбогондо Россиянын экономикасы кыйын абалга кептелмек. Муну Москва шаарынын вице-мэри Владимир Ефимов дагы бир жолу ырастады. Москванын башчысынын орун басары Москва шаарына 200 миңдей куруучу-мигранттар жетишпей жатканын айтты. Ал өз сөзүндө өлкөгө мигранттардын кирүүсү жеңилдеши керектигине токтолду. Анткени, эмгек ресурстарынын жетишсиздиги жумушчу күчтөрүнүн кымбаттоосуна алып келүүдө. Курулуш тармагынын башында тургандар жумушчуларды бири биринен алышып, бул курулган үйлөрдүн бааларынын көтөрүлүшүн шарттоодо. Владимир Ефимовдун белгилөөсүндө, 2020-жылга чейин Москвадагы үйлөрдүн баалары жогорулабаган болсо, пандемиядан кийин баалар көтөрүлүп, өткөн жылдагы инфляциянын деңгээлине жеткен.

Булак: «Майдан. kg» гезити