Печать
Категория: Коом
Просмотров: 199

Бир кездери “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” дегендей акыбал түзүлүп, көп кабаттуу үйлөр эч кандай уруксат документтери жок курулуп, турак-жай бизнесин жүргүзгөндөр каалагандарын жасап келишкендери чындык. Үйлөрдүн мыйзамсыз курулгандары бир маселе болсо, алардын сапатсыз, эптеп-септеп курулгандары экинчи маселеге айланган. Бүгүнкү күндө мына ошондой мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдү аныктап, сүрдүрүп салуу чечимдери кабыл алынууда. Кыргызстан боюнча 59 көп кабаттуу үйдүн мыйзамсыз курулганы аныкталды. Алардын 37си Бишкекте, 18и Ошто, ал эми Чүй облусунун аймагында - 4 үй. Маалым болгондой, бул үйлөр эч кандай уруксат берүүчү документтери жок эле тургузулган. Баарынан кызыгы, алардын кээ бирлери Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жайгашкан. Эми аталган мыйзамсыз курулган үйлөрдү буздуруп, сүрдүрүп салуу иштери толугу түдө ишке ашырылабы? Анткени, ал обьектилерди курууга курулуш магнаттары оңбогондой каражаттарды сарпташканы белгилүү. Алар унчукпай калышпастан, аягына чейин өздөрүнүн мүлктөрү үчүн күрөшөрү бышык.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити