"Билим берүү тууралуу" жаңы мыйзамынын долбоорунда, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери (жетекчилик, мугалимдер жана башкалар) окуучулардан жана алардын ата-энелеринен мекеме үчүн материалдык жардам сурай алышпайт. 

 Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринин камкорчулар кеңеши КР мыйзамына каршы келбеген, өз эрки менен төлөнүүчү төлөмдөрдөн куралган акча жана башка материалдык каражаттарды тарта алышат. 

Донорлорду издөө жана тартуу (инвесторлор, меценаттар) үчүн маалымат каражаттары, интернет-сайттары аркылуу жарыя берүүсү керек. Кийин эсепке түшкөн каражаттар жана алардын пайдаланылышы тууралуу отчет берилет. 

Окуучулардын ата-энелери үчүн маалыматтар билим берүү мекемелеринин көрүнүктүү жерине илиниши керек. 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан жана майыптыгы бар ата-энелерден, жетим балдардан жана ата-энесиз чоңойуп жаткан балдардан акча талап кылууга тыюу салынат.