Алардын даярдыгын тиешелүү кызматтар менен бирге Бишкек шаарынын мэриясынын атайын түзүлгөн комиссиясы тарабынан текшерилген. Бул тууралуу брифингтин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын административдик -укуктук бөлүмүнүн башкы адиси Исакова Чинара айтып берди.
Анын айтымында, Бишкек шаарындагы бардык орто мектептерде медициналык пункттар ачылып, атайын бекитилген дарыгерлер жана медайымдар иштей башташкан, алар мектеп окуучуларын жана кызматкерлерди санитардык талаптарга ылайык күн сайын текшерип турушат.
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын карамагында 97 орто мектеп бар. Бул мектептерде алдын ала маалыматтар боюнча 170 000 жакын окуучу окуп жатат жана 7000 ден ашуун мугалим иштейт (бүгүнкү күндө 60% эмделген).
- Категория: Коом
- Просмотров: 331