Печать
Категория: Коом
Просмотров: 103

Депутат Наталья Никитенко Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин акыбалы тууралуу билдирүү калтырды. Ал Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жасады. 

"Мугалим полдун жыртыгына кептелип калды, студенттер менен ата-энелерге люстра кулады, контейнер мектебинин ордуна чыгуучу жайы жок мектеп курушту. "Кактус" сайты жаңы окуу жылына карата "балаңыздын классында канча бала окуйт?" - деген суроо салып, жыйынтыгы төбө чачты тик тургузчудай болду. Жоопторго караганда, 1-2-класстарда 68 окуучу окуйт экен. 52 бала окуган да мектептер бар. Орточо эсепте мамлекеттик мектептерде 49 бала окуйт. "24 kg" агенттиги өлкө мектептеринде 2 миң педагог жетишпей турганын билдирди. Окуу китептери жетишпейт. Көпчүлүк мектептерде туалет, канализация жана суу жок. 245 авариялык абалдагы мектептер бар, көп мектептер кеңейтүүгө, капиталдык ремонтко муктаж. Мектептердин биринин мугалимдери короого боз үй тигип берүүнү суранып жатышат. А сыртта 21-кылым.

А Билим берүү министрлиги эмне менен алектенип жатканын билесизби? Билбейсиз! Билим берүү боюнча жаңы мыйзам менен. Бул азыр абдан керекпи? Же тарыхта калгылары келип жатабы? Ушинтип кете берсек жакында тарых да жок болот.

Мен мугалимдердин айлык акысы тууралуу айтпай эле коеюн. Бисмарк "мектептерди курууну каалабаган улут түрмө салат" деген", - деп жазды депутат.