OpenAir форматындагы концерт 2021-жылдын 18-сентябрында саат 19:00дө Бишкектеги Курманжан Датканын эстелигинин жанында өтөт.

ЭЛЕКТРООКО - Өзбекстандын эң дымактуу музыкалык долбоору. Синт-поп жанрындагы музыкалык топ автордук музыканы орус тилинде аткарат. ЭЛЕКТРООКОнун адаттан тыш үнү фантастикалык, ирониялык жана постмодерндик лирика менен айкалышкан жандуу скрипка, гитара жана электрониканын синтезин жаратат.

Белгилүү өзбек музыканттары Ашот Даниелян менен Никита Макаренко тарабынан 2020-жылы чогултулган ЭЛЕКТРООКОтобу "Тревожный звонок (Ойготкуч чалуу)" деген дебюттук альбомун жана "1984" аттуу ырынын дистопиялык клибин чыгарышкан, бул көркөм чыгармалар топко жергиликтүү атак алып келишинин негизги себеби болду. 2020 -жылдын декабрында атагы чыккан топ Өзбекстанды кыдырып, Фергана, Самарканд, Бухара, Нукус жана Ташкентте концерттери менен толук залдарды чогулткан.

ЭЛЕКТРООКОнун ийгиликтүү жетишкендиктеринин арасында Өзбекстандын Улуттук симфониялык оркестри менен болгон спектакли, ошондой эле 2021-жылдын май айында Ташкентте өтүүчү "Беш демилге кыймылы" фестивалында 5000 кишиге арналган бир сааттык жеке концерти да бар.

“Майдан - пресс”, Булак: «Майдан. kg» гезити