Кыргызкөмүр МИнын жаңы жетекчиси Мирлан Жакыпов калкка көмүрдү октябрдын башынан баштап берүүнү чечти. Бул чечим тоо-кен тармагында иштеген инженер, адистер менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кабыл алынды.
Алдыдагы 10-15 күндө аба-ырайы ачык, жаан-чачынсыз болот. Аба-ырайы туруктуу кезде Кара-Кечеден көмүр казуу иштерин тынбай жүргүзүү туралуу чечим чыгарды.
Андан кийин түндүк регионго күн сайын 10 миң тоннадан көмүр берүүгө мүмкүндүк болот экенин билдирет. Көмүр ташыгандар да көп күтпөстөн дароо жүктөп кете алат. Ал эми Бишкек ЖЭБне көмур үзгүлтүксүз график менен жүрүүдө.