Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Тумөнбаев Турусбек Тогузбайевич  ээлеген кызматынан бошотулду. 

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Эске салсак, буга чейин коомчулукта Түмөнбаевдин президенттин бир тууган жездесинин иниси экенин баса белгилеп айткандар пайда болгон. Ошондой эле, тендерге байланышкан ызы-чууда да аты аталган жайы бар. Мындан улам, президент Садыр Жапаров кайсы маселеде болбосун элдин пикири менен эсептешери жана кызматтык милдетин так сактабагандарды тууган, жакынына карабай кызматтан бошотууга эрки жетээри дагы бир жолу белгилүү болду.