Бүгүнкү күндө Чүй облусу боюнча эпидемиологиялык кырдаал турукташып, бейтаптардын саны күндөн-күнгө азайып баратат. Бул тууралуу брифингде Ысык-Ата райондор аралык мамсанэпид көзөмөлдөө борборунун эпидбөлүмүнүн башчысы Акыл Исаев айтып берди.
“Калкты жалпы эмдөө үчүн облуста 129 эмдөө пунттары жана 12 мобилдик көчмө эмдөө бригадалары иштеп жатат. Азыркы учурда 1 доза менен 65 083 адам (23%) эмдөөдөн өттү”, - деп кошумчалады А. Исаев.