Активист Орозайым Нарматова көрсөтмө бергенден кийин бошотулганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, тергөө иштерининалкагында жаран Орозайым Нарматова көрсөтмө берүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген. Соттук өндүрүш боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыктан О.Нарматова күбө катары суралып, тиешелүү тергөө иштери бүткөндөн кийин бошотулган.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Нарматова Ош аэропортунан кармалган. ИИМ ал аймактар аралык кастыкты козутуу үчүн жооптуу катары кармалганын билдирген.