Печать
Категория: Коом
Просмотров: 237

Эгемендүүлүктү утурлай “Манас” жана Чыңгыз  Айтматов Улуттук академиясында боордош казак элинин улуу акыны, кыргыз элине да ортоктош атактуу Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына жана өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына  арналган конференция болуп өттү. Анын алкагында Жамбыл Жабаевдин Эл аралык Түрк академиясы чыгарган тандалган чыгармалар жыйнагынын, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин “Тагай бий (Мухаммед кыргыз)” тарыхый повестинин бет ачары өткөрүлдү. Ага Казакстандан келген жоон топ мамлекеттик чиновниктер, адабий жана маданий ишмерлер, Кыргызстандын  бир катар  коомдук жана саясый ишмерлери,  адабиятынын жана маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.

Конференцияны “Манас” жана Чыңгыз  Айтматов Улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев ачты, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралы алып барды. Бул академия түрк элдеринин маданиятынын  жана адабиятынын мыкты өкүлдөрүнүн чыгармачылыктарын пропагандалап, кеңири жайылтуу боюнча көп иштерди аткарып келет. Буга чейин ал “Манас” эпосун латын арибинде казакча, Абай Кунанбаевдин, Магжан Жумабаевдин ырларын кыргызча жана казакча, түрк элдеринин тарыхтары жана  маданияттары боюнча көптөгөн эмгектерди басып чыгарган. Академия түрк элдеринин адабий жана маданий жааттардагы чыгаандарынын мааракелерин уюштуруп, өткөрүүгө да активдүү катышып келет.

Легендарлуу парламенттин спикери, профессор Медеткан Шеримкулов өз сөзүндө акыркы убактарда Казакстан менен Кыргызстандын саясый, экономикалык байланыштары кыйла солгундап кеткендигине өкүнүчүн билдирип, боордош эки элдин ортосунда маданий, гуманитардык байланыштарды чыңдап, өнүктүрүүнүн зарылдыгына токтолду. Саясатта, экономикада кээде карама-каршылыктар, кайчы көз караштар боло берет, ал көндүм көрүнүштөрдөн, бирок гуманитардык чөйрөлөрдүн мазмунуна андай көрүнүштөр жат. Ага адабий, маданий ишмерлер, гуманитардык чөйрөнүн өкүлдөрү жол бербөөлөрү  зарыл.

Казакстандын жазуучулар союзунун төрагасы Улукбек Есдаулет, академик, Кыргыз-Түрк  Манас университетинин профессору Осмон Ибраимов, Казакстандын  Мухтар Ауэзов атындагы Адабият жана өнөр институтунун директору Кенжехан Матыжанов Исламжан уулу, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, Жамбыл облусунун масликат катчысы Махметгали  Нургалыуулу Сарыбеков, Алматы облусунун акиминин орун басары Арслан Дандибаев, “Манас” жана Чыңгыз Айтматов  Улуттук академиясынын бөлүм башчысы  Сулайман Кайыпов  ж.б. эки элдин ортосундагы адабий жана маданий байланыштарды жандандырып, өнүктүрүп, өстүрүүнүн зарылчылыктарына токтолуп, айрым конкреттүү  фактыларды, сунуштарды  айтышты. Алсак, Жамбыл облусунда манасчылардын фестивалы өткөрүлгөн, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча сынактар өткөрүлүп  турат. Академик О.Ибраимов  Кыргызстанда Чокан Уалихановдун эстелигин тургузуу  идеясын көтөрдү.

Кыргыз  Республикасынын эл артисти, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков эки элдин көп ырлары ортолук  болуп калгандыгын, бир кезде өзү да домбура  чертип чоңойгондугун, аны ага таятасы үйрөткөндүгүн, казактын бир катар акындарынын ырларын кыргызчалагандыгын  айтып, казактардын ырарын-  кыргызча, кыргыздардыкын -казакча аткаруу боюнча атайын программа түзүп, аны тез-тез практикалап  туруу жөнүндө сунуш киргизди.

К. Матыжановдун айтуусунда, Жамбылдын бир катар ырлары Токтогулдун аткаруусунда сакталып, кийин казактарга жеткен. Өз кезегинде Жамбыл кыргыздар, Токтогул жөнүндө көп ырдаган. Аны:

Капырай, деди ар кими кимдин ыры?!

Чечмелеп айтып берем токто, муну.

Сапырган Ала-Тоодон ыр түшүмүн,

Кыргыздын бул атактуу Токтогулу.

Тоосундай Тянь-Шандын бойу бийик,

Токтогул - эрени ырдын, бураар сыры.

Сөздөрү алтын саптай көздү тартат,

Жаркырап жан балкытып тураар нуру.

- деген ырынын, башка чыгармаларынын тандалма жыйнагына киргизилгендиги эле айтып турат.

Профессор Сулайман Кайыпов Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын кол жазмалар фондусунда  Жамбыл Жабаевге, казак адабиятына тийиштүү көптөгөн маалыматтар бардыгына, алар алиге чейин изилденип, сыпатталып, элге жеткирилбей жаткандыгына токтолду.

Конференцияда Жамбыл Жабаевдин небереси, Алматы облусундагы Ж.Жабаев  адабий-мемориалдык музейинин директору Салтанат Тезекбай кызы Жамбылова, Шабдан баатырдын чөбөрөсү Жайнагүл  Тайгүрөңова  да сүйлөшүп, адабий, маданий байланыштар боюнча ойлорун, сунуштарын айтышты.

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити