Бүгүн таңкы саат беште Ош аэропортунан “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен шайлоого бараткан, сүйлөсө эле бийликти кескин сындаган Орозайым Нарматованы укук коргоо органдары кармап кетишти. Соттун чечими менен Бишкекке алып кетишти деген маалымат айтылууда. Азырынча укук коргоо органдары эмне үчүн камалганы, кандай берене менен иш козголгону боюнча маалымат бере элек.
Социалдык тармакта анын камалышын саясий куугунтуктун уланып жатканы, сөз эркиндигине болгон чоң сокку катары карашкандар да бар. Партиялаштары болсо “кыз баланын сөзүнөн корккон "баатырлар" өткөндөн сабак алыш керек эле” деген пикирлерин жазышууда. Айрымдар анын ашыкча сүйлөп, чектен чыкканын өзү камоого себеп болгонун, эреже, тартип болушу керектигин айтышууда.