Ниязов Мирослав Джумабекович Кыргыз Республикасынын Афганстан Ислам Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Маалыматка караганда, тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.