Печать
Категория: Коом
Просмотров: 312

- Орозбек агай, Ислам Академиясы экстремизмге каршы турууга, тынчтыкты жана ынтымакты сактоого салым кошо алабы?

- Биздин Борбордук Азия мусулмандары ханафи масхабынын матуридий акыйда – ишениминдеги суннийлер. Ханафи мазхабынын  уламалары Борбордук Азиядан жана ага туташ Ортоңку Чыгыш аймактарынан болгондуктан биздин элдердин салтына, маданиятына, менталитетине туура келген диний диний-укуктук мектеп пайда болгон. Аббасийлер бийлиги, андан кийин Ислам дүйнөсүн дээрлик башкарып турган Осмон империясы ханафи мазхабында болушуп, мамлекеттик башкаруудагы бардык ыкмалар аталган диний-укуктук ишенимге жуурулушкан. Ошондуктан жергиликтүү үрп-адаттарды ислам динине тууралаган, мамлекеттеги ар кандай элдердин башын кошкон, толеранттуу мазхаб пайда болгон.

Биздин аймакта, өзү консервативдүү болгондугу үчүн саясий маселерге анчалык көңүл бурбаган салттуу ислам, сунни агымындагы ханафи мазхабы кеңири жайылган. Ал башка мазхабдардан өзүнүн сабырдуулугу менен айырмаланып, улуттук каада-салттар менен ислам баалуулуктарын карама-каршы койбойт. Мамлекет менен өнөктөш мамилелерди өнүктүрүү боюнча анын идеологиялык негиздери бар. Мисалы, мамлекет башчысын ханафи мазхабындагылар “чоң имам” деп жарыялап, ага баш ийишет.

Ханафи мазхабы исламга каршы келбеген жергиликтүү салттарды чанбаганы, башка диндегилердин пикирин сыйлаганы, консервативдүүлүгү жана либералдуулугу менен да айырмаланат. Ханафи мазхабы экстремизмге, терроризмге жол бербейт. Өзү толеранттуу.

Маселе сиз кооптонуп жаткандай, Ислам Академиясы ушул тарыхый миссияны улантып кете алабы – ошондо турат. Муну туура жолго салуу биздин КМДБсынын колунан келет деп ишене туралы.