Кыргыз жаштарын ар кайсы өлкөлөрдөн диний билим алдырбай, салттуу исламдын түшүнүктөрүн коопсуз жеткирүүчү Ислам Академиясын ачуу зарыл. Мындай пикирин жарандык активист Төлөгөн Келдибаев "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. 

- Ислам Академиясы экстремизмге каршы турууга, тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, этникалык жана диний араздашууга жол бербөөгө салым кошуп, руханий агартуучулук миссияны аркалай алабы?

- Ислам Академиясы экстремизим жана башка туура эмес агымдар кирип кетпөөгө, исламды терең өздөштүрүүгө жол  ачат. Ислам Академиясы азыркы имам-хатибдер, Казыят кызматкерлери, медресе мугалимдеринин терең илим алышына  өбөлгө түзөт. Салттуу ислам динин баалуулуктары жөнүндө кеп-кеңештерди берет жана окуу курстарды,окуу семинарларды, жыйындарды өткөрөт. Ислам Академиясына тажрыйбасы мол  мугалимдер жана  диний даражалары бар инсандар сабак берсе, салттуу ислам дининин өнүгүшүнө салым кошуп, руханий агартуучулук миссияны толук аркалайт.

- Азыр бизге Ислам Академиясы керекпи?

- Албетте. Анткени, биздин жаш улан-кыздарыбыз  Пакистан, Египет, Түркия, Катар  жана башка мамлекеттердин диний окуу жайларында илим алып жатышат. Алардын алган илими туурабы, кандай окуу жайда билим алды, кандай агымдагы окуу жайлардан окуду? Алардын алган илими салттуу динге ылайык келеби же жокпу? Аны эч ким айта албайт. Ошон үчүн  диний аалымдардын башын бириктирген Ислам Академиясы керек. Ал  диний баш аламандыкты жоюуга салымын кошот. Кыскасы, Ислам Академиясы Кыргызстанга сөзсүз керек. Ал мамлекеттик казынадан каржыланбайт, бирок, жогоруда айткандай мамлекетке пайда гана алып келет.

- Бирок Ислам академиясынын артынан коомго коркунуч жараткан радикалдуу топтор кирип келет деп жатышат го?

- Ислам Академиясын жамынып коомго коркунуч жараткан   адамдар өлкөгө кирип келет деп коркууга негиз жок. Ислам академиясына жогорку даражалуу, мусулмандар арасында урмат-сыйга ээ болгон  илимдүү, билимдүү диний аалым адамдар гана сабак бериши керек.