Печать
Категория: Коом
Просмотров: 196

Билсеңиздер, Ѳзбекстанда инвесторлордун каржылоосу менен  күндѳн энергия алган электростанция курулган. Мына ошол электростанцияны курган БАЭдеги MASDAR компаниясы Кыргызстанда да калыбына келүүчү энергия булагына инвестиция салуу ниетин билдирди. Компаниянын ѳкүлдѳрү КРнын энергетика министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуп, анда ѳлкѳбүздѳ энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлүп, макулдашууларга келишти.

Жолугушуунун соңунда аталган меморандумга кол коюлуп, учурда тараптар күн электростанциясын куруу долбоорунун документтерин даярдаша башташты. Азырынча күндѳн электр энергиясын алган электростанция кайсыл жерге курулары белгисиз. Бирок долбоор ишке ашырылса, бул ансыз да оор абалдагы энергетика системасынын түйшүгүн жеңилдетип, кошумча энергия булагы болуп калары талашсыз.

Булак: “Майдан. kg” гезити