Печать
Категория: Коом
Просмотров: 86

Быйыл Кара-Кечеде көмүр казуу иштери толук жүрүүдө.  Калкка көмүр берүү 2021- жылдын 15-сентябрынан  башталат. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 15-сентябрдан кийин көмүр республиканын көмүр кампаларына жеткизилет. Республика боюнча бүгүнкү күндө 758  көмүр  кампасы ачылды. Жеринен чыккан Кара-Кече көмүрүнүн баасы мурдагы жылдардай эле  1330 сомду түзөт.  Сатыкка коюлган баа саясатын  монополияга каршы мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.   

Кыргызстан  боюнча жалпысынан  (ЖЭБке, калкка, бюджеттик мекемелерге)- 3 000 000  ашык тонна көмүр керектелет, анын ичинен:

-бюждеттик мекемелерге-242,333 миң тонн;

-калкка- 1 миллион 125 миң тонна;

ЖЭБке – 1 миллион 650 миң тонна анын ичинен:

-“Кабак” бассейнинен -950 миң тонна;

- Таш-Көмүр кенинен -50 миң тонна;

- Казакстандан-  650 миң тонна көмүр келет.

Республика боюнча көмүр казган 70 ашык компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниянын саны  41 чукул.

Оперативдик маалыматтарга таянсак акыркы 8 айдын ичинде Республика боюнча 1 337 346 тонна көмүр өндүрүлдү.

-түндүк региону боюнча -452 265 миң тонна;

-түштүк региону боюнча -885 079 миң тонна;

Эске сала кетсек, күйүүчү майдын турукту болбогонуна байланыштуу  аба-ырайынын жаан-чачын болушунан жана башка  себептер менен Кара-Кече кесиминде тоо-кен иштери арта калып, ошол үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кошумча күч тартылып, көмүр тазалоо  иштерин күчөтүү максатында атайын оор жүктөгү техникалар бөлүнүп берилди.