"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына жаңы директор дайындалды. Бул боюнча аталган мекеменин басма сөз кызматы мындай билдирүү таратты: 

"Азыр эле Мирлан Жакыпов “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына директорлукка дайындалды. Аны жамаатка КРнын энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев тааныштырды.

Мирлан Жакыпов 2014 - жылы ушул эле ишкананын директору болуп иштеген. Көмүр тармагын көп жылдардан бери билген адис. Жашы 51де, 4 баласы бар.

Жамаат аны кол чабуулар жана жакшы тилектерди айтып кабыл алышты. Эске сала кетсек, Мирлан Жакыпов бир ай мурун дайындалган Марат Турдубаевдин ордуна келди.