Печать
Категория: Коом
Просмотров: 109

"Практика нечен жолу көрсөткөн: шайлоолордо эң негизги көйгөй бул добуш сатып алуу! Калган мыйзам бузуулар деле бардыр, бирок добуш сатып алуу жана сатуу бул негизги проблема экени шексиз...

Чынын айтканда, бул көп кырдуу көйгөй. Сатып алууну колунан кармап алуу да оңойго турбайт, ал процесс купуя жасалаарын баарыбыз билебиз..

Эми, туугандар, конкреттүү суроо: добуш сатып алууга каршы кандай реалдуу жолдор бар? Кандай ыкмалар бар? Эмне кылыш керек?

Жөн эле баарыбыз "бул уят, келечегиңди сатпа, соттолуп кетесиң, акча бергенди эмес, келечекти камсыз кылгандарды шайлайлы, билимдүү жаштарды шайлайлы, көпөстөрдү, олигархтарды, базаркомдорду эмес" деген жалындуу сөздөрдү айткан менен, маселе чечилбей атат го... Же бул процесс менен күрөшүү майнап бербейт деп, баары эле сатып алып жатат го деген ойду бекемдеп, моюнду куушуруп, кол шилтейлиби? Конкреттүү кадамдар кайсы: укук коргоо органдардыкы, шайлоо комиссия мүчөлөрүнүкү, граждандык активисттердики, бийлик өкүлдөрүнүкү?

Же, коркконго кош көрүнөт дегендей, добуш сатып алууну өтө эле көптүрүп атабызбы? Мүмкүн, бул көрүнүш өтө деле кенен тараган жоктур?" - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.