Жогорку Кеӊештин жыйынында «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Ахмедов Канатбек Абдурашидович ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Ал Токмок шаарынын мэрлигине шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Урмат Самаевдин ордуна келди.
Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.