Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов өлкөдөгү спорт мектептеринин акыбалы тууралуу маселени көтөрдү.
Ал Кыргызстанда бир гана спорт интернаты бардыгын белгиледи жана аймактарга да мындай интернаттарды ачууну сунуштады.
"Ысык-Көлдүн Тамга айылында спорт интернатын курганга ылайыктуу жер бар, бирок жергиликтүү бийлик аны аткарбай келүүдө. Ошто спорт интернаты курулуп баштап, бирок пайдубалы салынаары менен токтоп калды. Биз бардык спортчуларыбызды бир интернатта эле даярдашыбыз керекпи? Мен бардык аймактарга ачыш керек деп ойлойм. Спорт аркылуу биз ден сак улут болобуз, спорт биздин достугубуз жана сыймыгыбызга айланды. Облустардын башчыларынын ар бири бир футбол лигасын даярдашса, бизде жети күчтүү команда пайда болот. Андан тышкары, облустарга дзюдо, бокс жана башка секцияларды ачыш керек", - деди Атазов.