Түркиянын "Даңазалуу доор" сериалында башкы каарман Хюрремдин ролун аткарган актриса Мерьем Узерли Бишкекке жаңы кинодолбоордун ачылышына келди. Аны менен катар маалымат жыйынына катышты.
Актрисага Сүмбүлдү кыргызча сүйлөткөн актер Нурдөөлөт Копоев кыргыз стилиндеги сумка белек кылды.
"Мен "Даңазалуу доордогу" ролума абдан ыраазымын, анын шарапаты менен бүгүнкү ийгиликтерге жетиштим. Хюрремдин ролу мага тийгенине абдан кубанам. Бул сериал дүйнөдөгү көп тилге которулду, бул демек анда роль аткарган актерлордун атактуулугун айгинелейт", - деди актриса.