Печать
Категория: Коом
Просмотров: 99

Парламенттик шайлоого партиялардын катарынан барган талапкерлер орун үчүн канча акча беришкени белгилүү болду. ЖКнын бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов бул тууралуу маалыматты ачыктады. 

Айтымында, алдыңкы саптагылар 100 миң доллардан 1 миллион долларга чейин беришкен. 

Ошондой эле ал, Эсеп палатасынын аудиторлорун кыскартуунун кереги жок деп эсептейт. Ал эми депутаттардын саны азайса (90 депутат), аудиторлор эмнеге азайбаш керек деген суроого элдин кыжырын акча берип депутат болгондор келтирип жатканын белгиледи. 

 

 "Кеп депутаттын санында эмес, элдин кыжырын бул келтирип жаткан жок. Партиялардан алдыңкы орунду 100 миңден 1 миллион долларга чейин акча берип сатып алган депутаттар  жумушка бир келип, бир келбей иштешти. Баары мышык ыйлагыдай абалга кептелгени ушундан", - деди ал.