Кечээ, 5-сентябрда Өмүрбек Бабановдун Бишкекке келгени белгилүү болду. Ал буга чейин Москва шаарында дарыланууда жүргөн.
Жакын санаалаштарынын айтымында, ал Кыргызстанга автоунаа менен кайтып келгем. Анткени, август айынын аягында Москвадагы ооруканалардын биринде операция болгондуктан, дарыгерлерге ага учак менен учууга тыюу салышкан. Ал учурда Бишкектеги үйүндө ден соолугун калыбына келтирүүдө.