Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев башка мамлекеттер ар бир транзиттик турист үчүн күрөшүп жатканда Кыргызстан аларды өзүнөн түртпөш керек деп эсептейт. 

- Транзиттик туризм бул туризмдин жаңы түрү болгону калды окшойт. Албетте, бул ковид оорусу менен байланышкан жана ковид оорусу бир жаңсыл болмоюнча улана бермекчи...

Пакистан, Непал, Бангладештен келип - кетип жаткан транзит туристтерине тыюу салбай, кайра кемчиликтерин оңдоп, улантып кетиш керек. Себеби, бул бизге Кудайым өзү берип жаткан чоң киреше. Мындай туристтер үчүн бардык мамлекеттер катуу күрөшөт. Ошол эле Түркия бүтүн Европа менен атаандашып, ар бир транзиттик турист үчүн күрөшөт. Биз аларга шарт түзүп, ыңгайлаштыра албасак, аны биздин эле өзбек, казак кошуналар жасап коюшу мүмкүн.

Өкмөткө сунуш:

1 - Келип - кетүүнү Тамчы аэропорту аркылуу гана жүргүзүү керек.
2 - Келип - кетүүнү мамлекет, жергиликтүү бийлик колго алышы керек. Келип кетүү жергиликтүү турагенттиктери аркылуу болушу зарыл, алардын чакыруусу менен. Турагенттиктер алардын келип кетишине, жайгашкан шарттарына, карантинди сактоо боюнча жоопкерчиликти алышы зарыл.
3 - 14 күндүк транзиттик туристтердин Кыргызстанда жүрө турган аймагын Балыкчы - Каракол менен чектөө керек.
4 - Пансионаттарга бирдиктүү бааны койуп берүү керек. (Статусуна жараша).
5 - Келип - кетүү эрежесин иштеп чыгып, туристтерге кол койдуруп, ошол эрежелерди бекем карманыш керек!
6 - Бишкектен атайын патруль уюштуруп (туристтик патруль бар), ошолорду командировкалаш керек.
7 - Ушул транзиттик туризмди уюштуруп жаткан фирмалар менен Өкмөт тыгыз иштеп, консультативдик кеңешме түзүүсү керек.

Бул чаралар кирсе, Тамчы аэропорту да такай иштей баштайт, Ысык - Көлдөгү пансионаттар да жыл бою иштейт, жергиликтүү эл да киреше булактары менен камсыз болот...

Албетте, кайсы бир коркунучтар бар... Бирок биттен коркуп, көйнөктү кошо отко салбаш керек. Бүгүнкү шартта мамлекет тэк гана виза берүү менен чектелип жатат, калганына көңүл бурган жок. Ошол үчүн бул маселе ушундай коомдук пикирди жаратты деп ойлойм. Тескерисинче: виза берүүдөн баштап 14 күн бою, алар учуп кеткиче мамлекет аларга жардам берип, көзөмөлгө алып, тосуп узатып коюш керек деп ойлойм...