Печать
Категория: Коом
Просмотров: 235

Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов көл жээгинде эс алган кыздарды сындап, "ата-бабабыз купальник кийген эмес", - деген жаранга жооп берди:

"Сенин ата-бабаң машине минген эмес, там салган эмес, телевизор көргөн эмес, самолётко учкан эмес, тамга тааныган эмес, интернет пайдаланган эмес, чөнтөк телефон менен сүйлөшкөн эмес, фейсбукта отурган эмес… Сен булардын баарынан чыгып өрнөк көргөз, анан башкаларды үгүттө…

Ар замандын өзүнүн маданияты, салты, кийими, технологиялык жетишкендиктери болот… Заман менен тең жүрбөй эскини эңсеп жашаган адам талибандарга окшоп жапайы болуп калат…"