Печать
Категория: Коом
Просмотров: 768

Быйыл окуу жылы жылдагыдан айырмаланып 15-сентябрда башталмай болду. Тиешелүү документке Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов кол коюп, айрымдар окуунун көнүп калган убагында башталганы жакшы дешсе, кээ бирлерине бул майдай жакты. Ошол эле убакта бул жылы окуу салттуу форматта болоору айтылгандан кийин ата – энелердин башкы маселесине баланы мектепке даярдоо айланды.

Жыл сайын мектепке ылайыкташкан кийим – кечек жана буюм- тайымдардын базары 15-августтан тартып кызуу жүрчү. А бул жылы 1 – сентябрдан кийин гана ата – энелер базарды көздөй жөнөшү мүмкүн. Ошол эле убакта пандемиянын кесепетинен элдин экономикалык акыбалы начарлаганын эске алып, мектептердеги бирдиктүү форма жокко чыгарылды. Бирок бул каалаган кийимди кийинүүгө болот дегенди билдирбейт. Классикалык форма – үстү ак, түбү кара өңдөгү кийимдерге уруксат. Бирдиктүү форманын жокко чыгарылышы ата – эненин каражатын үнөмдөйбү жана мектепке бир баланы даярдоо канча каражатты талап кылат деген суроолорго жооп табуу максатында базар бааларын карап көрдүк.

Биринчиден, форма жокко чыгарылганы менен жогоруда айткандай кыздар ак кофта, кара юбка же шым, балдар ак жекте менен кара шым кийүүгө милдеттүү. Андыктан ата – эне кандай болгондо да жаңы окуу жылына карата баласынын үстүн жаңылоого аргасыз (эгер өткөн жылдагы кийимдери чак келбей калган болсо). Айрым жеке менчик мектептер Билим берүү жана илим министрлигинин буйругун четке кагып, дагы деле окуучуларына өздөрүнүн бирдиктүү формасын таңуулап жатышканы да белгилүү болду. Экинчиден, канцелярдык товарларга да оңбогондой сумма кетет. Кээ бир мектептер баланын өзүнүн керектөөсүнө жарачу китеп, дептер, калемсап, түр карандаштан тышкары, ата – энелерден тарак, нымдуу сүлгү, кургак сүлгү, скотч ж.б. майда – барат нерселерди да талап кылаары айтылууда. Ал эми мектептин, класстын фонду дегендерди айтпай эле коелу.

Бишкекте канцелярдык товарларга болгон эң арзан баа Жунхай базарында болуп чыкты. Ал эми Дордой базарында мектеп формалары 1,5 миң сомдон 2 миң сомго чейин сатылып жатат. Кыргызстанда тигилген кара, көк өңдөгү юбка, ак кофталарды 250 - 400 сомдон башталган бааларда табууга болот. Бирок жаңысында жылтылдап көзгө кооз көрүнүп жаткан бул кийимдердин кездемеси өтө арзан экени кармаганда билинет. Бир – эки жуугандан кийин азыркы жалтыраганынан эч нерсе калбай, түлөп, өңү өчүп кетиши толук мүмкүн. Ал эми эркек балдардын ак жекте менен кара шымын миң сомго чейинки баада табууга болот экен. Албетте, баары сапатына жараша. Кенже класстын окуучу кыздарына керектелчү ак бантиктер бир жубу 100 сом деп турат.

Рюкзактын түрү жайнайт. Ар кандай түстөгү, ар кандай формадагы жана ар кандай баадагы. Сапаты да ар башка. Эң арзаны 600 – 700 сомдон башталат, андан аркы баасында чек жок. 3000 – 3500 сомго чейинки рюкзактарды табууга болот. Акыркысы – ортопедиялык рюкзак деп аталат. Аны көтөргөн баланын далысы түз кармалып, ичиндеги китептердин оордугу далысына жүк келтирбейт экен. Сатуучулар ушинтип айтышты.

Канцелярдык товарлардын сатуучулары бул жылы дептерлер кымбаттаганын айтышты. Алардан укканыбызга караганда, эң сапаттуу деп эсептелинген дептерлер менен камсыз кылуучу Архангельск целлюлоза -кагаз комбинаты ишмердүүлүгүн токтотуптур, учурда базарда сатылып жаткан бул комбинаттын товарлары акыркы партия экен. Бул комбинаттын жука дептерлери былтыр 3,5 сомдон сатылса, быйыл 6 сомго чыгыптыр. Анткени, акыркы партия. Россиянын башка фирмаларынан келген дептерлер 5 сомдон сатылууда.

Ал эми 48, 96 барактуу калың дептерлер – 30 – 50 сомдон өйдө, күндөлүк – 25 сомдон, сызгыч – 25 сомдон, жөнөкөй калем – 3 сомдон, альбом барагына жараша – 30 сомдон, акварель боегу – 40 сомдон,  гуашь – 90 сомдон, кисточек топтому – 60 сомдон, дептер тыш – 1 пачкасы 25 сомдон, скотч – 15 сомдон, кайчы – 60 сомдон, өчүргүч – 20 сомдон, түстүү калемсап – 45 сомдон, жөнөкөй калемсап – 5 сомдон, фломастеры – 30 сомдон, учтагыч – 25 сомдон, пенал – 35 сомдон, А4 барагы – 10 даанасы – 35 сомдон, файл – 50 сомдон, пластелин – 60 сомдон, желим – 25 сомдон өйдө наркта турат.

Мындан тышкары, бут кийим, спорттук кийим деген бар. Туфлилерди кыз, эркектики дебей сапатына жараша миң сомдон өйдө суммага тапса болот экен. Бирок арзан бут кийим биринчиден, баланын бутун тердетсе, экинчиден бир сезонго жетпей түшүп калаарын да эске алуу керек. Спорттук бут кийимдер 1200 сомдон өйдө. Спорттук костюм, мында да сапатына жараша бир жарым миңдин тегереги экен.

Ушул жерден окуучу курактагы балдар үчүн кийим алаарда адистер кандай кеңеш айтышаарын кошо кетели. Аларга мүмкүнчүлүккө жараша пахта жана жүндөн согулган кездемелерден тигилген кийим алуу керек.  Анткени, мындай кездемелер жеңил болот, чоюлуп кетпейт, жууганда бат кургайт. Синтетикалык материалдардан тигилген кийимдер күн жылууда баланы тердетсе, суукта суук тартат.

Ал эми сумка боюнча айтсак, 15 жашка чейинки балдардын рюкзак көтөрүүсү туура болоорун айтышат. Анын арт жагы катуу жана далы тердеп кетпеши үчүн аба өткөрчү кездемеден тигилгени оң. Сумканын тигилиштерин да караш керек, анткени эптеп тигилген рюкзак тез эле жыртылып калат. Анда кайра башынан сатып берүүгө туура келет. Учурда караңгыда жарык чыгара турган тилкеси бар рюкзактар чыгып калган. Бул кышында, караңгы эрте түшкөн маалда мектептен чыккан баланы жол кырсыктарынан сактайт. Ошондой эле рюкзак артылганда белден 10 сантиметр жогору көтөрүлүп туруусу керек.

Пеналды мугалимдер темир эмес, жумшак кездемеден алууну сунушташат. Анткени, темир пеналды ачып – жапканда үн чыгып, бул сабак учурунда тоскоолдук жаратат.

Жогорудагы бааларды жана кеңештерди эске алганда, бир баланы мектепке даярдоо үнөмдөп, арзанын алган учурда да болбоду дегенде 7000 сомдун башын “жей” турганы белгилүү болду. Бул бир балага. Кээ бир үйдө эки – үч бала мектепке барат. Мындан тышкары, мектептерде окуу китептери толук жетишпейт. Калганын ата – эне сатып берүүсүнө туура келет. Быйылкы жылдагы жагдай ушундай. А келерки жылы кандай болоорун убакыт көрсөтөт.