Акыркы учурда жүрөктүн үшүн алган кабарлардан баш айланып деле калды. Алардын бири – Кыргызстанды кургакчылык каптайт деген каңшаар. Суу өмүрдүн булагы болгондон кийин мындай кабар уккандын үрөйүн учураары турган иш эмеспи. Бирок көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев Кыргызстанга кургакчылык коркунучу жакындабайт деп эсептейт. Болгондо да жакынкы элүү жылда.
“Кыргызстандын аймагында жыл сайын 47-50 миллиард куб суу пайда болуп турат. Мөңгүлөрдүн ээриши жазгы жана жайкы маалда дарыялардагы суунун көбөйүшүн шарттайт. Мөңгү зонасындагы бийик чокулар күз-кыш маалында дайыма кар катмары менен толукталып турат. Өлкөбүздүн тоо рельефи табигый өңүттө суу массасынын талаа-түзөңгө агуусун шарттайт. Ал суулар айыл чарбада арык, канал жана башка ирригациялык системалардын жардамы менен пайдаланылат”, - деди эксперт.
Бирок бул жайда суугат суунун жетишсиздиги курчуду. Аймактардагы дыйкандар эгиндер убагында суугарылбагандыктан түшүмдөн куру калуу коркунучуна кабылгандыктарын айтышып, коңгуроо кагышты. Жай аяктай электе эле саргарган бариктүү бак-дарактарды, күмүш түскө жамынган талааларды көрө баштадык. Умбеталиев мындай көрүнүш суунун азайганынын белгиси эмес, айыл чарба плантацияларын суугаруучу комплекстүү системанын толук талкаланганынан кабар берет деп эсептейт.
“Эгемен өлкөнүн 30 жылдык жашоосунда айыл чарба талааларын суугарууга багытталган борбордук уюм жана комплекстүү система толугу менен талкаланды жана сатылып жок кылынды. Союздун убагында партиялык аткаминерлердин башкаруусунун алдында эч убакта кургакчылык же суунун жетишсиздиги деген маселе жаралган эмес. Биздин аталарыбыз жана чоң аталарыбыз кышында ным толтуруп, а жаз жана жай мезгилинде айыл чарба жерлерин көйгөйсүз суугаруу үчүн суу сактагычтарын курушкан”, - деди ал.
4-августта айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жана суу ресурстарынын Мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда алар Кыргызстан суунун жетишсиздиги жана кургакчылыктын кесепетинен эгин түшүмдөрүн 30-35 пайызга аз алаарын жарыялашты. Ошону менен катар түшүмдүн аздыгынан улам дан эгиндерин, курама тоютту жана чөптү экспорттоого тыюу салууну сунушташты.
Июнь айында болсо Чүй облусунун фермерлери суунун тартыштыгынан улам бир нече жолу тынчтык митингине чыгышты. Алар эгер Айыл чарба министрлиги он күндүн ичинде суу маселесин чечпесе, анда дан эгиндеринин жана жашылча-жемиштердин толук түшүмүн жоготуп алышаары ыктымалдыгын айтышты. Расул Умбеталиев дыйкандар суу сурап жүргөн кезде “Сары Өзөн” каналында толуп – ташып шаркыраган суу коңшу өлкөгө агып жатканын белгиледи.
“Кургакчылык Афганистанда, Пакистанда, Африкада, Казакстанда болушу мүмкүн. Анткени, бул өлкөлөрдө суунун мөңгү запасы жок. Ал эми көп миллиарддаган кар катмарынын запастары жаткан Кыргызстанга ал коркунучтун тиешеси жок. Глобалдуу ысыктын пайда болушу тескерисинче мөңгүлөрдүн ээрий турган көлөмүн көбөйтөт жана тездетет”, - деди эксперт.
Анда эмнеге суунун тартыштыгы жанды кейитүүдө? Дыйкандардын эмгеги ара жолдо калбашы үчүн кандай аракеттерди көрүү керек? Бул суроолорго Расул Умбеталиев Айыл чарба министрлиги уйкусурабай иштеши керек деп жооп берди:
“Айыл чарба министрлигинин жогорку даражалуу аткаминерлери биринчи кезекте биринчи зарылчылыктагы азыктарды өстүргөн атамекендик дыйкандарды суугат суу менен камсыз кылышы керек. Дыйкандар ыйлап жатканда коңшу өлкөлөрдүн айыл чарба жерлерине суу берүүнү кое турушсун. “Суунун тартыштыгы жана кургакчылык” биздин жөнөкөй кыргыз элинин “кызматчыларынын” мээсинде жана аракеттеринде гана орноп калган.
Ичүүчү жана суугат суунун эбегейсиз, түбөлүк запасы бар Кыргызстанга жакынкы 50 жылда кургакчылык жакындабайт. Анан албетте, ичүүчү, суугат сууларды, кыргыз элинин энергетикалык ресурстарын жана байлыгын коромжуга учуратпай, натыйжалуу пайдалана алсак. Ушул жерден бир макалды айта кетейин “Эл башы болгуча, суу башы бол” дейт. Бул демек, суунун башында турган адам бүтүндөй элди башкарат деген сөз”.