Печать
Категория: Коом
Просмотров: 101

"Казакстандын Президенти Токаев мырза өз элине жана Парламентине кайрылуу жасады. Негизги темалардын ичинде болочок электроэнергиянын жетишсиздиги жөнүндө сөз козгоп, күн, шамал, суу энергиялары баары бир жетишсиз болоорун белгилептир...

Альтернатива катары Атомдук жана Жашыл Водород электрстанцияларына өтүүгө мажбур болобуз деген сунушту киргизиптир... Албетте, эң жогорку эларалык экология жана коопсуздук стандарттарын сактоо менен гана.

Биздин энергетика болсо бул күндө тек гана гидроэнергетикага таянып отурабыз, баарыбыз Токтогул суу сактагычын күнүмдүк байкоого алып, толобу- толбойбу деп сарсанаа болгонубузду айтпа..

Мүмкүн, не бар- не жок дегендей, биз да атомдук электрстанциялар жөнүндө ойлонуп коюшубуз зарылдыр? Климат өзгөрүп атат, мөңгүлөр эрип,суу энергиясы сөзсүз азаят деп какшап атышат адистер... 

Энергетика адистери эмне дешээр экен бул жөнүндө? Бир Токтогул ГЭСин тиктей берип, кур жалак калбайбызбы акыры..." - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына.