Turmush — Күз келип, тойлор башталды. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Талас облусунда кыз калыңы канча болуп жатканына кызыгып көрдү.

Бакай-Ата районунун 57 жаштагы тургуну Ырыс айымдын айтымында, жакында эле уулун үйлөнткөн.

«Жолдошум экөөбүздүн 4 балабыз бар. Кечээ жакында эле көкүрөк күчүгүбүз болгон уулубузду үйлөнттүк. Кыргыздын каада-салты менен сөйкө салып, үйүнөн алып келдик. Эки жашты үйлөнтөр алдында куда-кудагыйлар болуп эки тарап сүйлөшкөнбүз. Алардын да кичүү кызы экен. Алгач биздин оюбузду угушуп, андан кийин алар өз оюн айтышып, бир чечимге келдик. Биз сөйкө салып, алдына жыгылып барып алдык. Ачуу басарына 30 миң сом, 1 кой, кыздын калыңы деп 200 миң сом, эне сүтү деп 30 миң сом, ата акысы деп тай мингиздик. Туугандарына деп 5 миң сом алып бардык.

Кудаларыбыз үлпөт той өткөндөн кийин кыздын себин алып келишти. Күйөө бала менен кызды отко киргизүүгө чакырып, чай беришет. Бизди да чакырышканда кудабыз менен кудагыйыбыз кызыбызга энчи берели деп, тай энчилеп беришти.

Эң башкысы эки жаш бактылуу жашап кетсе, ошол бизге чоң бакыт. Ар ата-эне баласы үчүн баарын жасаганга даяр болот экен», - деди ал.

Кара-Буура районунун 64 жаштагы тургуну Алчагүл айым 1 ай мурун кызын турмуш жолуна узаткан.

«Кызыбыз Чүйгө келин болду. Таластыктарча калың алып, сеп бермей деген нерсени жок кылып сүйлөштүк. Биз деле эл катары калың алабыз, мынча сом алып келесиңер деп шарт койсок жарашмак. Бирок кызыбыз өзү макул болуп, экөө бири-бирин жактырып жаткандан кийин ал нерсени жок кылдык. Алар ырымдап каада-салты менен келип, кызыбызга сөйкө салып, алып кетишти. Калың, кыздын себи жок, алар үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрмөй болушту. Жакында Чүйгө кызыбыздын үлпөт тоюна барабыз. Азыр даярданып жатабыз. Кызыбыз менен күйөө балабызга деп уктоочу керебет (спальный) белекке беребиз. Анан албетте кызыбызга алтын тагабыз. Куру кол барганда уят. Биз да кичине ырымын кылалы деп жатабыз. Ал эми туугандарыбыз шарттарына жараша бири муздаткыч, бири сыналгы алып барабыз деп жатышат. Мына ошентип эле сеп бергенге барабар болуп калат (күлүп)», - деди ал.

Талас районунун тургуну Марат мырзанын 4 кызы бар. Ал калың маселеси боюнча өзүнүн пикирин айтты.

«Менин 4 кызым бар. Төртөө тең бой жетип турат. Эртең булар да турмушка чыгып, өз бүлөлөрүнө кетишет. Азыр эле ошол күндү элестетип толкунданып алам. Апасына да «кыз бергендер кандай сезимде болушат болду экен?» деп айта берем (күлүп).

Ал эми калың боюнча айтсам, азыр 300 миң сомдон 500 миң сомго чейин алып барат экен. Биринен бири өтүп, бул мынча калың алып барыптыр, мен андан ашып көбүрөөк алып барайын десе, мунун кызына калыңды көп бериптир, биздин кызга калың аз берилди деп сөздөн-сөз чыгып отуруп, аягы жаман иштерге чейин барып жаткандар жок эмес. Ошол калыңдын айынан эки тарап жаман-жакшы айтышкан учурлар да болот экен. Кептин баары акчада эмес деп ойлойм. Эң башкысы бактылуу болсо болду да. Мына, менде да кыздар бар. Мен кыздарыма калың бергиле деп айтпайм. Калыңы жок болсо да, каадасыз кыз болбойт. Албетте каадасын кылгыла дейм. Кудай буйруса кудам менен «калыңга бере турган акчаны ошол эки жаштын керегине жараталы» деп сүйлөшөм деп отурам», - деди ал.

Кара-Буура районунун 76 жаштагы тургуну Жаркынай апа азыркы учурда калың көп берилип жатканын белгиледи.

«Азыр шумдуктуу нерселер көбөйүп кетпедиби. Биздин убакта булардын бири да жок болчу. Мен өзүмдү мисал келтирип берейин. Өзүм Бакай-Атанын кызы болом. 19 жашымда турмушка чыктым. Жүк ташыган «ЗИЛ» унаага салып алып келишкен. Ошондо мага калыңга деп кой, ун, 2 кап кебек, сары май алып барган экен. Биздин убакта ушундай эле болчу. Азыркыдай акча анда каяктан болсун? Дүркүрөгөн калыңы жок эле бактылуу жашап, небере-чөбөрөлүү болуп отурабыз. Азыр заман башка болбодубу. Акча үчүн, калың үчүн эки жашты ажыраштырып алгандар да жок эмес. Биздин убактагыдай кылып калың берсинчи, беттерин жулуп, колдоруна карматмак го дейм. Эмнеси болсо да уул-кыздарыбыз бактылуу болушсун», - деди ал.

Ал эми Манас районунун Сөгөт айылынын имамы Бакыт Мырзабаев:

«Динде калың деген махр дегенди билдирет. Бул кыздын акысы. Шариятта эң аз махр 10 миң сомдун тегереги болот. Бул эң азы. Никеде кыз өзүнүн калыңын айтканга да укугу бар. Махрды салт боюнча ата-эне алып калган. Негизи шариятта бул кыздын акысы. Кыз өзү алып, өзүнө керектүү нерселерине жумшаса болот. Турмуш куруп жаткан адам менен чогуу пайдаланабыз же мен ата-энеме берем деп берсе да болот. Салт болуп калган калыңдар да бар. Алар өздөрүнүн сүйлөшкөнү боюнча беришет.

Азыр бизде туруктуу калың жок. Ар кандай, эки жаш баш кошуп жатса, ата-энелери алдын ала сүйлөшүп жатышат. Көпчүлүк ата-эне алына карап сүйлөшүп, ошого жараша үйлөнтүп, кыз берип жатышат. Эки жак тең бири-биринин шарттарына көнүшү керек деп ойлойм», - деди имам.

Turmush басылмасы буга чейин 2017-жылы Таласта кыздын калыңы канча болуп жатканын сурамжылап көргөн. Анда тойго кеткен чыгымдардын орточо эсеби чыгарылган.

Талас облусунун аймагында кыз үчүн калың ар кандай түрдө берилет. Мисалы, кызды алган тарап 1 жылкы, 1 уй, 1 торпок жана 1 кой тирүүлөй алып барып. Акчалай 100 миң сом менен барса, жалпы берилген мүлк 200 миң сомду түзөт (жылкы 50 миң сомго, уй 35 миң сомго, торпок 10 миң сомго, кой 5 миң сомго бааланат). Айрымдар калыңды акчалай алып барат. Акчалай калыңдын көлөмү 100 миң сомдон 500 миң сомго чейин жетет. Калктын негизги катмары кыз үчүн 100-200 миң сомдун тегерегинде калың төлөшөт.

Тойлорго кеткен чыгымдар кафе-ресторандардын кожоюндарынын жана жакында той берген адамдардын маалыматы боюнча эсептелген. Орточо 200 киши чакырылган тойго 310 миң сом чыгым кетери айтылган.

Талас шаарында 2016-жылдын октябрь айында үйлөнгөн 25 жаштагы Азамат 200 киши чакырылган тойго болжолдуу түрдө 311 миң сомдой акча кетерин айтып берген.

200 адам катышкан тойго даярдалган дасторкондун чыгымы:

Нан (боорсок, нан, санза, кытырак, чак-чак, бахлава, булочка жана башка. Булардын айрымдары сатылып алынса, айрымдарын үйдөн даярдаса арзан түшөт) орточо – 5000 сом

Таттуулар – 3500 сом

Торт – 6000 сом

Эт ассортиси – 500 сом

Эт азыктары (балык, тооктун буту) – 7000 сом

Салат (кафеден буюртма кылынган салаттардан сырткары той ээси 2-3 түр салат кошсо болот) – 3000 сом

Беш бармак (мал союлгандыктан эт сатып алуунун кереги жок. Болгону кесме талап кылынат) – 500 сом

Мөмө-жемиштер – 8000 сом

Ичимдиктер – 15 000 сом

Кургак мөмө-жемиштер – 8000 сом

Суусундуктар – 4000 сом

Жалпы – 60 500 сом

Бир кишиге 500 сомдон болсо, 200 кишиге – 100 000 сом

Жубайлардын отуруучу орундуктарынын жасалгасы – 3000 сом

Тамада+музыкант – 10 000 сом

Фотограф+видеого тартуу – 8000 сом

Белгилүү ырчы – 10 000 сом

Чакыруу барагы – 20 сомдон 100 даана – 2000 сом

Тойдо өткөрүлүүчү оюндарга белектер – 5000 сом

Союш – 70 миң сом

Үлпөт күнүнө кетүүчү каражат 42 миң 834 сом

Жалпы: 250 миң 834 сом


Turmush