Turmush — Кыргызстан быйыл көз карандысыздыкка жетишкенинин 30 жылдыгын белгилейт. Буга арналып өлкөдө 40тан ашуун иш-чара өткөрүлөт. Turmush басылмасы майрамга карата филолог Кабылбек Жумабаев менен маектешти.

- Кабылбек мырза, мына быйыл, 31-августта эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы деп жатабыз. Андан мурда эмне, эгемендүүлүк жок, 2221 жыл бою көз каранды же вассал (көз каранды, башка бир адамдын же мамлекеттин кол алдында көз каранды болгон) мамлекет болуп келген белек?

- Кызык суроо бердиң. Муну чоң тарыхчыларга берсең болмок экен. Боро-Хоро тоо кыркасынан Кыргыз-Нор чөлкөмүнө чейинки кыргыздар биздин эрага чейин 201-36-жылдары көчмөн хунну империясынын конфедерация тутумунда туруп, 93-181-жылдары сяньби тутумунда, 181-297-жылдары муюн, 297-384-жылдары тоба, 384-552-жылдары жужан кагандарына алым төлөп келген. Бирок, антсе да өз алдынча башкаруусу, мамлекеттик түзүмү болгон. Арада күнкорсуз жашоо да өткөргөн. Чакан хандык болгондуктан, 840-жылга чейин ири империя тасилине келе алган эмес.

- Сиз көптөн бери кыргыздын байыркы жазуусун изилдеп жүрөсүз. Деги жазуу кыргызда качантан бери болушу мүмкүн?

- Чөйрөлөш элдин жазуусу көчүп жүрөт. Ымалалаш болгон соң, каттар жөнөтүлөт. Мамлекет бар жерде жазуу түзүү зарылдыгы болот. Алматыга жакын жерден биздин эрага чейин 5-кылымдагы сак көрүстөнүнөн табылган күмүш табак түбүндөгү чийилип түшүрүлгөн эки сап жазууну эске албаганда, хунну ханы Модэ (биздин эрага чейин 209-174-жылдары хан болгон) биздин эрага чейин 192-жылы жесир калган кытай канышасына жана биздин эрага чейин 176-жылы кытай ханы Вэнь-Диге жазган каттары болгон. Ал каттардын ариптери бүгүнкүгө чейин беймаалим. Анын уулу Гиюй (биздин эрага чейин 174-161-жылдары хан болгон) кытай билимпозу Чжунсинюе аркылуу кытайча жазманы да киргизип колдонуп көргөн. Демек, ошол чактарда эле, тарыхтан тыш калса да, өкмөттүк иш, эсеп-чот, алака, кабар, кат-жазма аркылуу болгон да.

- Бу сиз Енисейдеги жана Селенга дайрасынын бир куймасы болгон Орхондогу тарыхый жазуулар менен шугулданып, аны кыргыз жазуусунун үлгүсү санап келесиз. Ал мурда сырдуу (рун) жазуу саналган, окулбай келген. Анын алгач окулушу, алгачкы котормолору кимдер аркылуу, качан болгон?

-1893-жылы 25-ноябрда филолог датчанин Вильгельм Томсен (1842-1927) көптөн берки алектенүүдөн соң, бир саат ичинде эле белгисиз жазуунун бүт тамгасын таанып чыгат. 15-декабрда Даниянын королдук академиясынын кеңешмесинде ал жөнүндө билдирме жасайт. Өзүнүн ачылышы тууралуу Санк-Петербургдагы Василий Васильевич Радловго кат жөнөтөт. 1894-жылдын 19-январында В.В.Радлов (1837-1918-жылдар) ошол Күлтегинге арналган купуя жазуунун алгачкы толук окулушун жана анын орусча, немисче котормосун даярдап коет. Ал ошол 1894-1895-жылдары «Древнетюркских надписей Монголии» деген топтомдун үч жолку чыгарылышын, ал эми В.Томсен 1896-жылы өз изилдөө китебин чыгарат. Мына быйыл эки миң чамалуу сөздөн турган, бүт түрк элдеринин сыймыгы саналган ошол Күлтегин эстелигинин окулушуна, башка тилдерге которулушуна 120 жыл толду. Муну кыргыз коому нышаалык кылып, белгилей алган жок.

- Окумуштуулар эмне үчүн бул жазуунун төркүнүн, чыгышын кыргызга байлашат?

- Кыргыз ордолоп келген Енисей аймагында көбүрөөк табылган үчүн. Кыргыз да башка тараптан өздөштүргөн деген ой үстөм. Француз окумуштуусу Жан-Пьер Абель-Ремюза кытайча «Цзю Тан шу» (10-кылым) китебине таянуу менен 1820-жылы эле бул жазуунун чыгышын енисейлик кыргыздарга, андан калса түп төркүнү усундарга такаларын болжомдогон. 1887-жылы И.Р.Аспелин (1842-1915-жылдар) бул жазуунун түбү байыркы хуннуга тиешелүү болушу ыктымалдыгын эске салса, окумуштуу Блоше байыркы түрктөр байыркы жужандар аркылуу хуннулардан, ал эми хуннулар болсо биздин эрага чейин 200 жыл мурда эле семит тектүү арамей жазуусунан өздөштүргөн болуу керек деген ойду айткан.

- Негизи бул жаатта али да көп чечилбеген түйүндөр жаткан тура. Сөз келебин бир аз буралы. Кабылбек мырза, айтсаңыз, бу коңшубуз эмне үчүн казак деп аталат? Славян элдеринин бири, украиндин бир тутуму да ошондой аталат.

- Славяндар үч бөлүккө: чыгыш, батыш жана түштүк канаттарга чачырайт. Чыгыш славяндары үч бөлүктөн турат: орус, белорус, украин. Украиндеринде казак деп аталган бөлүк бар. Алар 11-12-кылымдарда огуз-түрк тилдүү печенег жана кыпчак уруулары менен көбүрөөк аралашкан. Өз ара куда-сөөк болуп калган. Казак термини ошол тапта чыгат. Аны окумуштуулар эркин ордо мааниде болжошот. Демек, бул ат али да тыянактуу маанисин таба элек. Коңшубуз казак калкынын аты жөнүндө бир нече этимологиялык версиялар бар. Мен аларга токтолбой, жаңы бир божомол айтып берейин. Казак журту үч жүзгө бөлүнөт эмеспи. Жалпысынан булар мурда сакалы (сакал) делип, кийин сакаллы (сакалды) атка көчкөн. Үч бөлүктүн улуу жүзү Ак арыс (Ак сакал, акдар, акдарлы) делсе, орто жүзү Жан арыс (Жан сакал, жандар, жандарлы) делген. Кичүү жүзү Бек арыс. Мындагы арыс (арыш) — уруу, тайпа деген мааниде. Кичүү жүздүн алчынынын ичинде кара сакал деген топ бар. Кыргыздар улуу жүздү үйшүн, орто жүздү аргын, кичүү жүздү алчын деп деле жонунан атап коюшат. Окумуштуулардын бир даары кыргыз менен казак тектеш десе, булар генетикалык жактан такыр ар башка эл деген да илимий көз караштар, аныктамалар бар. Мен ал жагын кое туруп, аталыштын өзүнө көңүл бурайын. 1455-жылы Көк-Ордодо элге таанымал бир адамдын киши колдуу болгон өлүм чырынан улам, бийликте туура чечим чыгара албагандык, кол ийрисине тарткандык бар экенин айтып, адилеттик жок деп бийликти күнөөлөп, оппозиция пайда болот. Акыры элдин бир тарабы эңшерилип, Чагатай улусундагы Эсенбука хандан Эки-Кеминди сурап алып, адегенде, чамасы 200 түтүн эл көчүп келет. Аркасынан келүүлөр улам арбыйт. Бул ооп келген жаңы элдин жалпы эн тамгасы V белгинин ортосуна тең жара таякча, же алиф белги I беттелгендеги көрүнүштө, учу үч ача келип, каз аяк түрүндө болгон. Ал белги туу бетине да түшүрүлүп, ураанга да айланган. Жанагы «Сакалы» наам ошол учурда чыккан. Ага катар эле «Каз аяк» деген ураан жүрө-жүрө «Казаак» түрүнө өтүп, «сакалынын» экинчи наамы, синоними катары чыга келген.

- Ал эми, тиги, «сакалы» сөзү эмне мааниде?

- Мында -лы (-л) мүчө бар. Таандыкты билдирет. Мисалы, жумгалдык, көлдүк дегендей. Түп уңгусу «сака». Диалектилерде «чака», «жака». Четти, жээкти, этекти, тышкары тарапты билдирген. Жанагы орустун украин аталышындай. Булардын жанагы жалпы тамгасы да бара-бара өзгөрүп, учу төмөн караган жебе, ок түрүнө өтүп, так айтканда V белгинин ичине жанагы эле алиф тамга I үстүнөн ортолой сайылып түшүп такалып, кол таңба (кол тамга) аталып кеткен.

- Анда булар «түбүбүз кыргыс» дешкен якуттардын саха аталышындай аталган экен да.

- Дал ошондой. Өзү. Бул тарыхый дал келүү.

- Эми сизге негизги суроо. Кыргыз санжырасындагы Тагай бийге токтолсоңуз. Аны тарыхта Мухаммед кыргыз деп жүрөт.

- Мухаммед кыргыздын Тагай бий экенине анык далил жок. Бирок, Мухаммедхайдар жазган «Тарих-и Рашид-и» китебиндеги Мухаммед кыргыздын окуясы кыргыздын оозеки санжырасындагы Тагай бий окуясына коош чыгат. Андыктан экөөнү бир киши деп билишет. Мезгили да далдаш чыгат. Биздин түп аталарыбыздын бири тарыхтан табылганга кубануу керек.

- Тагай кандай маани берет? Тага же тай аке деген мааниден дешет го. Ушуну чечмелеп көрдүңүз беле?

- Көргөм. 552-744-жылдарда Евразияда ири мамлекеттер төртөө гана болгон. Византия, Иран, Кытай, жана түрк каганаты. Түрк каганатында ар түрдүү тилде жана диалектилерде сүйлөшсө да, алардагы койне тил — огуз түрк тили болгон. Ал тилде сөз башында «т, ч, ш, с алмашкан диалектилик бир көрүнүш болгон. Бул тыбыштар сөз башында, ортосунда, биринин ордуна бири жүрүп, диалектилик эмес, дувлеттик мааниде десек да болот, колдонууда турган чак болгон. Мисалы, тышкан-чычкан-шышкан-сычкан, тошко-чочко-шошко-сочко, ташта-чачта-шашта-сачта, тенгыз-ченгыз-шенгыс-сенгыс. Демек, жанагы биз айтып өткөн «сака» сөзү менен «тагай» (таган) бир мааниде. Болгону жамдама мүчө «-ай» (-ан) уланган. Же «-ай» мүчөнү илим тилинде «вокатив» деп койсок да болот? 1472-жылы Иленин чыгыш-түндүк бетинен, мурдакы кыргыздын түпкүлүктүү журтунан Чүй, Ташкентке чейин, Алай, Алай-Кууга чейин көчүп келип, баскынчылык, үстөмдүк менен жер ээлеген да, андан 10-12 жыл өтпөй түштүк тараптан түндүк Кыргызстанга, Ысык Көл, Илеге дейре тобунан бөлүнө көчө жөнөгөндө, ошол чактарда экинчи ирет ушул атакты алышкан. «Бөлүнгөндөр», «четтегендер», «тыштагылар», «аркадагылар» маани берилген. Бул топ тартип бузуп, сол канаттын сол колтугуна өтө чапкан. Ат түгүндөй ордосунан айрыла чыкканда өзүлөрү баштабында тай түгүндөй болсо да ошентишкен. Мунун тарыхый шарты алиге деталдаштырыла элек.

- Бул сиз айтып жаткан топтун же жамааттын да өз тамгасы, урааны болгондур да? Баштаган башчысы да болгондур?

- Албетте, лидерсиз эч коом жылган эмес. Серкесиз, башчысыз кой жылабы, ээрчишеби? Чачырайт! Бул тек гана салыштыруу. Санжырага карасак, мындай көрүнүктүү кишини Маметбек, Маамат дешет. Кээ бирлери Жанкороз дешет. «Үч жүздү үйрүп, бүт билип, Жалайыр чыккан жаныштан. Оң менен солду имерип, Жанкороз чыккан багыштан» деген сөз бар. Бул эл оозунда бекер айтылып калган эмес (Мында жалайыр деп, мүмкүн Кадыргали жалайырын же анын ата-тегинен бирөөсүн айтып жатса керек). Бул топтун урааны «жанкороз», тамгасы жагалмай тамга болгон. Жалпысынан тагай аталышкан. Ал топтон же жамааттан чыккан бий, албетте Тагай бий деп айтылган.

Байыркы скиф тилинде жакшы, жышаналуу нерсени короз (хорз) же корошо (хорша) деген.

- Сиз жанатан бери казак аталышты алардын тамгасынын аталышынан чыгардыңыз эле, тагайды болсо сөз башындагы «т» менен «с» тыбыштар алмашкан катары көрсөттүңүз да, аны менен Хакасиядагы сагай уруусу тектештей же аталыштары окшоштой кылып салдыңыз. Мен көп келише албай турам. Ошондой, сиз айткандай болгондо кыргыздагы саяк эмне «таяк» сөзүнөн дегиңиз келип турабы?

- Ушул алты аталуу саяктын жалпылама эн тамгасын билесиңби, 9-кылымдан баштап Орто Азияга жалпы кире баштаган арап арибиндеги алиф же таяк формада. Демек, ошондой да болушу мүмкүн. Санжырада, оозеки кепте «жалгыз жүргөн», тентимиш катары чечмелешет. Жалпы жон тамгасы таяк түрүндө, алиф тамгасы түрүндө болуп жатпайбы. Андыктан ошол чөйрөдөгү сүйлөмөлөрдө (речте) «саяк-таяк» катар же көбүнчөсүн «с» менен башталып айтылгандыр. Муну азырынча божомол дей туралы.

- Сиз Тагайды гана айтып өттүңүз. Санжырада «адигине, «тагай», «муңгуш», «кара багыш» топтору оң канатты түзөт эмеспи. Буларга кошулган моңолдор (могол), коңурат деле бар. Эмнеге аймакташ көчүп жүрүп, булар деле жонунан тагай аталган эмес?

- Тагай тобу тагай деп өзүн-өзү атаптырбы? Жанатан айткандай, аймакты башкарган адам кайсы топтон же уруудан экенин анык ажыратыш үчүн ошентип аташкан. Азыркыдай Медетбек же Майрамбек десе, анда ал адамдын нурку, паспорттук тек жайы билинбей, бүдөмүктөп калбайбы. Тагай деп аталуу менен ошол чөлкөм-аймактардагы түпкү элден, бөлөк топтордон ажырымдалып турган. «Тагай» жанагы «украин», «саха» сөздөрү менен синонимдик катарды түзөт. Бул менин, албетте жеке оюм. Таңуулабайм. «Иштеген жаңылышат» дегендей, изденген табат же адашат. Талаштан тактык жаралат.

- Бу «тагай» тайпасы кайсы бир ары жактагы тайпадан же элден чыккандыр да? Божомолуңуз болсо, айтып көрбөйсүзбү?

-Албетте. Үч долон деген эл болгон. Ак оглан, кув оглан, кызыл оглан деп бөлүнүшөт. Сыягы, «долон» дегени көптүк мүчө «-ан» («-ат») уланган Доглан (Доглат) аталышынан чыгат. Мааниси, мүмкүн, «жети», «жетидегилер» деген сөздөн. Үч долондун түбү ак калпак деген элге такалат. Ак калпак, сары калпак (же сары Юңюгур) жана кара алпак деген салаалар болгон шекилдүү.

- Эмне себептен шекилдүү, сыягы деп жатасыз?

- Илим аныкка чыгара элек. Ошону үчүн.

- Ак калпактар дедиңиз, бу кайсы эл?

- Дагы эле, сыягы дей берейин, калпак деген аталыштын өзүн «каллуг баг» деп чечмелесе болот. «Баг» — ханга тете титул, «каллуг» дегени үч карлук же үч салаа (үч карыдан турган ич эл, тыш эл, булагачы же курама журт, курамачы) эл дегени. Бул эл 746-жылы Алтай тараптан өзүнүн мурдакы, эзелки жери болгон Тянь-Шанына кайтып келген. 751-жылы июлда 60 миң аскери бар кытай армиясын миң жыл бою келгис кылып, Талас суусунун боюнан кыргын таптырган. 766-жылы Төргөш каганатынын ордуна өз хандыгын түзгөн чоң эл.

- Ошо элдин тукуму болсок, эмнеге кыргыз аталып калганбыз?

- Анжыян, Алай, Тянь-Шань аймагында, Иленин өйүз-бүйүзү, Балхаштын түштүк бети, тарыхый Моголстан менен анын түндүк чыгышы Жете (Жети-Суу) өңүрүндө адегенде 1365-1389-жылдары Карачтын,1390-1425-жылдары Жаанкарачтын, 1472-1482-жылдары Акташ менен Кугташтын соңунда, 1514-1517-жылдары Мухаммед кыргыздын уюштуруучулук, күрөшчүл касиети менен оң, сол, ич канаттар түзүлгөн. Мухаммед кыргыздын өз аты Жанкороз болуу керек. Ал эми, 840-жылы ири аймакты ээлеп, 916-жылга чейин улуу империя түзгөн Кыргыз (Кыркыр) делген саясий-территориялык каганат атагын ошондогу көптөгөн этностук бирикмелер өздөрүнө жалпы таандык, бир чети мактаныч кылып да алып кеткен. Ошол себептен бу эски огуз тилдүү карлук тобу кыпчак тектүү кимак жана кыргыз уюткусуна жуурулушуу менен азыркы кыргыз тили жана этносу келип чыккан. Мурдакы карлук тарыхы, кимак тарыхы жана тарбагатайлык кыргыз тарыхы азыркы кыргыздын түптөлүшүндө орчундуу мааниге ээ.

- Буларды сиз кантип далилдейсиз?

- Далилдебейм. Бул менин жеке пикирим. Көптөн берки изилдөөмдүн, илимий-практикалык интуициямдын гана жыйынтыгы. Али илим эмес. Гипотеза гана.

- Кеп тизгинин жакшы чубап бердиңиз. Сизге ийгилик каалайбыз.

 

Булак: https://www.turmush.kg/