Чакан журналисттик - иликтөөмдү жүргүзүп, эмнеге өлкөдө пакистандыктар көбөйүп кеткенин билүүгө аракеттендим. Буга чейин алардын көбү Бириккен Араб Эмиратына, Сауд Арабиясына ж.б. жактарга кетүү үчүн транзит катары келишкени айтылган. Бирок эмнеге мынча көп?
Көрсө, БАЭ жана Сауд Арабиясы Пакистан, Индия жана Бангладештен түз аба каттамдарын коронавирустун "Дельта" штаммынын пайда болгонунан улам токтотуп коюшкан экен. А эгер Кыргызстан же Өзбекстан аркылуу, эгер алар 14 күндүк карантинди кармаган шартта гана кабыл алууга макул болушуптур.
1. Алардын көбөйүшү жакшыбы же жаманбы? Жакшы жагы, албетте, көп. Учурда Кыргызстанга күнүнө 150дөй пакистандык келүүдө. Бир каттамдан эле ТИМ 8 миң доллардай акча табууда, анткени туристтик виза 50 доллар турат.
Андан тышкары алардын жашаган жери, тамак - ашы, Ысык-Көлгө баргандары да бар, жыйынтыгында, 2 жумада кайсы бир сумманы коротушат. Туристтерди кааладыңар беле - мына. Дагы бир жакшы жагы - пакистандыкта алкоголь ичишпейт, чаң салышпайт. Эгер эле жергиликтүүлөр "бузуп" салышпаса.
2. Алар бизге "Дельта" штаммын жугузат деген коркунуч барбы? Мындай коркунуч дээрлик жок, анткени Дубай же Сауд Арабиясына кирүү үчүн вакцина алуу жана ПЦР-тестке тапшыруу деген талаптар бар.
Ошондуктан, учакка, транзит - өлкөсүндө жашоого чоң акча коротушкан алар тобокелчиликке барышпаса керек. Мисалы, илдет менен барышса Дубайда дароо кара тизмеге жазылышат жана кайрадан баруу такыр мүмкүн эмес, абамайданында көздүн кареги аркылуу текшеришет.
3. Алар менен кошо экстеримисттик идеялардын туткундары да келип калышы мүмкүнбү? Коркунуч бар, бирок аз гана. "Талибандын" кызыкчылыгына биринчи кезекте Тажикстан менен Өзбекстан кирет, анткени Афганистанда так ушул өлкөлөрдүн этникалык топтору өтө көп отурукташкан.
Эгер алар кандай болгондо да Кыргызстанга кирүүнү каалашса, Тажикстан аркылуу келүү оңойурак. Бирок бул өлко менен чек ара дээрлик ачык. Каалагандын баарына эшик ачык, кире бер.
4. Пакистандыктар деги кимдер? Алардын айрымдары менен сүйлөшүп калдым. Арасында инженерлер, архитекторлор, монтажниктер жана башка кесип ээлери бар экен. Негизинен "техникалык элита" аталгандар, Кыргызстанга же Өзбекстанга келип, мында 14 күн жашоого акчасы жеткендер. Карапайым жумушчулары болсо түз каттамдын ачылышын күтүп жатышат.
Жыйынтык чыгарып жатып, Өзбекстан пакистандыктарды кучагын ачып тосуп алаарынан күмөн жок, алар мындай кылуу менен өздөрүнүн туристтик потенциалын көтөрө алышаарын жакшы түшүнүшөт.
Келгиле, биз дагы өзүбүздүн меймандостугубузду көрсөтөбүз. Алардын айтуусу менен Кыргызстанды БАЭ, Сауд Арабия, Пакистан жана Индия тааныйт. Кеткендердин кээ бири кайрадан Кыргызстанга турист катары келишсе да жаман эмес.
Учурда ысыккөлдүктөр сентябрда дагы туристтердин чоң агымы агылып жатканына кубанышууда. Жок дегенде ушул тармакты жоготпойлу!
Семетей Аманбеков, журналист