Бишкекте кыргыз-казак акындарынын айтышы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эки элдин өнөр адамдарынын ортосундагы "Айтыш" сынагы 30-августта башталган. Ал Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, кыргыздын төкмө акыны Өтө Көкө уулунун (Жеңижок) 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган.
31-августта жыйынтыкталган айтышка сегиз кыргыз жана казак акыны ат салышты.
Ачылыш аземине КР президентинин аппаратынын администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, КР маданият министри Кайрат Иманалиев, коомдук-маданий ишмерлер жана кеңири коомчулук катышты.