Печать
Категория: Коом
Просмотров: 129

"Массалык маалымат каражаттарында КР УКМКнын кызматкерлери көмүскө казинолорду коргоого катышкан деген маалымат чындыкка дал келбейт.

6-башкы башкармалыктын кызматкерлери, башчысы К.Досмамбетов жана анын орун басары А.Осмонов бөлүмдүн ротация болушуна байланыштуу  башка кызматка которулган", - деп билдирди УКМК.

Эске салсак, айрым маалымат каражаттары күч түзүмүндөгү өздүк булактарына таянып, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директорунун мурдагы орун басары жана анын беш кызматкери казиного "крыша" болгонун жазып чыгышкан. Анда айтылгандай, 24-августта УКМКнын 6-башкармалыгынын начальниги Каныбек Досмамбетов кызматтан алынган. Андан тышкары анын орун басары Азамат Осмонов жана өзгөчө маанилүү иштер боюнча төрт ыкчам кызматкер да ушул иштин тегерегинде кызматы менен коштошкон.