Печать
Категория: Коом
Просмотров: 180

 
Жер ресурстары мамлекеттик агенттигине караштуу "Кадастр" мамлекеттик мекемеси Kaktus.media редакциясына чет элдик жарандардын Кыргызстанда канча мүлкү бар экенин билдирди.

Эске салсак, биздин өлкөдө чет элдиктерге белгилүү категориядагы кыймылсыз мүлк сатып алып, ага ээлик кылууга уруксат берилген.

Чет элдиктер сатып алган үйлөрдү учетко алуу 1992-жылдан бери жүргүзүлөт. Россия, Казакстан жана Кытайдын жарандары Кыргызстанда мүлк сатып алуу жагынан сап башында турушат.

2021-жылы Түркиянын жана Афганистандын жарандары активдеше башташкан. Бирок мурдагыдай эле россиялыктар лидер бойдон калышты.

2021-жылга карата кырдаал төмөнкүдөй:
Россия - 15 миң 881 кыймылсыз мүлк бирдиги
Казакстан - 3 миң 87 кыймылсыз мүлк бирдиги
Кытай - 664 кыймылсыз мүлк бирдиги
Германия - 470 кыймылсыз мүлк бирдиги
Түркия - 427 кыймылсыз мүлк бирдиги
Кыргызстанда 54 өлкөнүн жарандары кыймылсыз мүлк сатып алышкан.


Кактус