Печать
Категория: Коом
Просмотров: 137

Кыргызстанда спортчуларга камкордук көрүлө баштаганы жагымдуу көрүнүш. Эми машыктыруучулардын жана башка спортко тиешеси бар адистердин айлык маянасын көтөрүү керек. Мындай пикирин "Саясат. kg" маалымат порталына экс-депутат Эсенгул Исаков билдирди. 

"Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Токио Олимпиадасынын катышуучуларына мамлекеттик иш-чара өткөрүп, татыктуу көңүл бурганы албетте, кийинки өсүп келе жаткан жаш муундарыбызга өзгөчө таасир берет. Спорт тармагы өсүшү үчүн тиешелүү мыйзамга олуттуу өзгөртүү киргизүү менен мамлекеттик бюджеттен  каражат бөлүп, анын максаттуу пайдаланышына катуу көзөмөл жүргүзүү керек. Машыктыруучулардын жана тиешелүү адистердин айлык маянасын көтөрүү күндүн талабы. Албетте, иш-чаралар элет жеринен башталып көңүл бурулушу өтө зарыл!" - деди Эсенгул Исаков