2 жаштагы Аруузаттын ата - энеси соцтармактагы баракчасына балбан Акжол Махмудовго ыраазычылыгын билдирген билдирүү калтырышты. Анда ата - эне балбандын жардам бериши күтүүсүз болгонун айтышкан. 

Эске салсак, Акжол Махмудов Олимпиадада мелдешке кийип чыккан трикосун аукционго коюп 26 миң долларга саткан жана ал сумманын басымдуу бөлүгүн өзгөчө дарылоого муктаж болуп жаткан 2 жаштагы Аруузаттын эсебине котороорун жарыялган. "Биз килем үстүндө күрөшсөк, ал өмүр үчүн күрөшүп жатат", - деген балбан. 

Аруузаттын дартына эң кымбат дары катары Гиннестин китебине кирген каражат даба боло алат жана анын баасы 2 миллион доллардан ашык.