Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашырыла баштаганда автокырсыктар, көчө тартибин бузуулар 40-50 пайызга чейин азайып, айдоочулардын жөө жүрүүчүлѳргѳ жол берген жерлердеги тартиптери бир канча эсе жакшырган. Борбор калаадан сырткары айрым жерлерге да видео байкоо аппараттары орнотулганда, ал жерлерде да жол тартиби кыйла жакшырган эле. Бирок, эмнегедир пандемия башталганда “Коопсуз шаар” долбоору биротоло унутулду, көчөлөргө видео байкоочу аппараттарды орнотуу токтоду. Аны менен жалпы айдоочулардын тартиптери кескин начарлап кетти. Ага кошо адамдардын өмүрлөрүн кыйып, түбөлүккө майып кылган жол кырсыктары кескин көбөйдү.
Кубакы ашуусундагы автокырсык 7 адамдын өмүрүн кыйды. Эки күн мурда Суусамырдын Өтмөк ашуусуна жакын жерде болгон автоаварияда 9 адам өлдү. Анда жолдун жээгинде турган “фураны” ичинде толо жүргүнчүлөрү бар “Степвагон” үлгүсүндөгү автоунаа 100 чакырымдыктан жогору ылдамдыкта баратып сүзүп алыптыр. Ал кырсык күндүз болду, ага караганда түнү менен жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочунун көзү илинип кеткен же бир нерсеге алаксып “фураны” байкабай калган.
Төө-Ашуудан түшө бериштен Суусамырдын “Парижге” (чакан айылды ошентип коюшат) чейинки бөлүгүнүн эки жерине видео аппарат орнотулган. Ал жерлерде айдоочулар “айып пулду мойнубузга илип албайлы” дешип, автоунааларынын ылдамдыктарын азайтып, этият өтүшөт. Эгерде андай видеобайкоочу аппараттар Чычканга же Токтогулга чейин коюлса, жолдун ал участкаларында авто кырсыктар кескин азаймак. Мүмкүн, майда-чүйдөлөрүнөн башкасы болбой деле калмак.
Жалпысынан быйылкы жылдын өткөн 7 айынын ичинде 3382 автокырсык катталып, алардан 394 адам өлдү, алардын ичинен 44ү жаш балдар. Ал эми өткөн жылдын 7 айынын ичинде автокырсыктардан 324 адам өлүп, жүздөгөн адамдар жарадар болушкан. Мындан көрүнүп тургандай, өткөн жылдын 7 айына салыштырганда быйылкы 7 айда өлгөндөр 70ке көп.
Бир сөз менен айтканда, автокырсыктардан жыл сайын чакан согуштагыдай эле адамдар өлүп, жарадар болуп, негизги жолдорубуз кызыл-жаян канга айланууда. Бул апыртма эмес. Көргөндөр мурдагы күнү Суусамырдагы автокырсыкта “Фуранын” бортторуна чейин адамдардын кандары чачырап, жол кызыл-ала болуп жаткандыгын айтып келишти.
Мындай абалды кантип оңдоп, кандай жол менен жол кырсыктарын азайтса болот?
Биздин оюбузча, негизги жолдордун бардыгына видео байкоочу аппараттарды орнотуп, автоунаалардын техникалык абалдарын текшерүүнү жакшыртмайынча, анан негизги жерлерде айдоочуларды да текшерүүнү күчөтмөйүнчө, абалдын оңолүуусу кыйын. Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Башкы башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаевдин айтымында, автокырсыктардын көпчүлүгү айдоочулардын мастыгынан жана автоунаалардын техникалык жактан оң эместигинен болуп жатыптыр.Тилекке каршы, жол коопсуздугун камсыз кылууда, ИИМ, анын тийиштүү түзүмдөрү өздөрүнүн функционалдык милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткара албай жатышат. Демек, алар да жогорудагыдай автокырсыктар, анын айдан-айга өсүп баратканы үчүн жооп берүүлөрү керек. Алардын шалаакылыктарынын, жоопкерсиздиктеринин азабын да эл тартууда.
Булак: “Майдан. kg” гезити